Ак-Буура дарыясына чөккөн баланын сөөгү коңшу өлкөдөн табылды
80
Оштогу Ак-Буура дарыясына 9 жаштагы бала чөгүп кетти. Анын сөөгү агым менен Өзбекстанга агып кеткен дешет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.
Ал эми милициянын маалыматына ылайык, окуя 31-майда эски базар жакта болгон. Балдар ойноп жатканда суунун деңгээли жогорулап, агызып кеткен. Натыйжада төрт бала куткарылып, бешинчисин куткаруу мүмкүн болгон эмес.
Тема боюнча:
Ошол күнү Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына билдирүү түшүп, куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана туугандары тартылып, дрон менен изделген. Баланын сөөгү коңшу өлкөдөн табылган.
Учурда окуучунун сөөгүн алып келүү боюнча иштер жүрүүдө дешет ӨКМден.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17926
