Сокулукта унаасы менен каналга түшүп кеткен айдоочу 3 күндөн бери изделүүдө
72
Сокулуктагы Чоң Чүй каналына жеңил унаа түшүп, айдоочуну 3 күндөн бери издөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 21-июнда Кожомкул айылындагы Чоң Чүй каналына Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, унаанын айдоочусу агып кеткен.
Издөө иштерин улантуу максатында бүгүн, 23-июнда жалпы 20 куткаруучу тартылды.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18086
