Өзбекстандын 2 айылы Кыргызстандын курамына өттү
RU

Өзбекстандын 2 айылы Кыргызстандын курамына өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстан менен чек араларды демаркациялоодо мурда коңшу өлкөгө тиешелүү болуп келген эки айыл жашоочулары менен кошо (болжол менен 2500 адам) Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасына жазды.

Маалыматта этникалык кыргыздар жашаган Чоңгара жана Таш-Төпе айылдары мурда Фергана облусунун курамында болуп келгени айтылат.

"Эми бул эки айылда каттоо иштери жүрүп, жашоочуларына Кыргызстандын жарандыгы берилет.

Аталган айылдардын ордуна кыргыз тарап Өзбекстанга чек ара тилкесинен теңме-тең жер бердик. Мындан сырткары, Сай айылынан Таян айылын көздөй жол салууга 236 гектар теңме-тең жерлер алмашылды", - деди Алагөзов.

Эми баткендиктер Айдаркенден Баткенге чейин 225 чакырым эмес, 55 чакырым жол жүрөт деп айтылат билдирүүдө.

Маалымат катчы кошумчалагандай, Токмоктун тушундагы 800 метр жол тилкесин теңме-тең жерге алмашуу боюнча Казакстанга сунуш берилген.

"Ал жол Алматы көчөсүнөн баштап Кеминге чейин (болжол менен 150 чакырым) төлөнүүчү автомагистраль болмокчу. Бул маселелерди саясат кылмай жок", - дейт ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18089