Чүй каналына түшүп кеткен унаада атасы менен 2 уулу болгон
RU

Чүй каналына түшүп кеткен унаада атасы менен 2 уулу болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемин районундагы Подгорный айылында Чоң Чүй каналынан 3 адамдын жансыз денеси табылды. ӨКМдан билдиришкендей, алар унаа менен каналга түшүп кеткен.

25-июнда Audi C4 үлгүсүндөгү унаа каналга түшүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар жана милиция кызматкерлери тартылган. Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө унаа жеке менчик крандын жардамы менен суудан чыгарылып, анын ичинен 3 эркек адамдын жансыз денеси табылган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон - атасы жана жашы жете элек 2 баласы.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18107