Бишкекте мурдагы аялына зомбулук жасаганга шектүү кармалды
RU

Бишкекте мурдагы аялына зомбулук жасаганга шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын тургуну мурдагы күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынганын айтып, милицияга кайрылган. Шаардык милициядан кабарлашкандай, шектүү кармалды.

Маалыматка караганда, 20-июнда И.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошуна карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Айтымында, 19-июнда Бишкек шаарынын Дачное айылындагы үйлөрдүн биринде мурдагы жолдошу ага күч колдонуп, денесине залал келтирген.

Аталган факты боюнча 138-беренеге ("Уруп-сабап кыйноо") ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985-жылы туулган У.М. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда. Бардык зарыл болгон тергөө жана процессуалдык аракеттер жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат дешет милициядан.

Бишкек ШИИББден үй-бүлөлүк зомбулукту системалуу түрдө жасагандар үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн экендигин эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18117