Бүгүндөн баштап автобустарда накталай төлөм кабыл алынбайт
Бүгүн, 1-июлдан тартып Бишкек шаарындагы автобус, тролейбустарда жол кирени накталай төлөө жоюлуп, электрондук төлөм ыкмаларын колдонуу системасы ишке кирет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлайт.
Жүргүнчүлөр жол кирени "Тулпар" транспорттук картасы, Visa, Mastercard жана "Элкарт" банктык карталары, QR-коддор, ошондой эле башка электрондук төлөм кызматтары аркылуу төлөй алышат.
Эгер карта жок болсо Pay24 төлөм терминалдары аркылуу бир жолку электрондук билет сатып алса болот. Жол кирени төлөө үчүн билетте көрсөтүлгөн QR-кодду транспорт каражатында орнотулган валидаторго тийгизүү жетиштүү.
Мындан тышкары, жаңы тартипке ылайык, жүргүнчүлөр биринчи жолу жол кирени төлөгөн учурдан тартып 60 мүнөттүн ичинде муниципалдык коомдук транспортто төрт жолуга чейин акысыз которулуп жүрө алышат.
