Бишкекте автобустарда накталай төлөмдөргө уруксат берилиши мүмкүн
Бишкек мэриясы автобустардагы накталай төлөмдөрдү толугу менен жокко чыгарбашы мүмкүн. Бирок билетти айдоочудан сатып алса жол акысы 60 сом болушу мүмкүн. Бул маселе шаардык кеңештин жыйынында талкууланды.
Бишкек шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов накталай төлөмдөрдү жоюу мыйзамсыз экенин билдирди. Мэрдин орун басары Рамиз Алиев депутаттын пикирин колдоду.
"Билеттерди терминалдар аркылуу жана билет текшерүүчүлөрдөн сатып алууга болот. Ошондой эле айдоочудан да билет сатып алуу мүмкүнчүлүгү болот, бирок бул учурда билет баасы 60 сомду түзөт. Мындай вариант - жүргүнчүнүн телефонунун кубаты өчүп же банк картасын унутуп калган учурларга каралган", - деди мэрдин орун басары.
Рамиз Алиевдин айтымында, 72 каттамдын ар бирине кеминде беш терминал коюу пландаштырылууда. Шаардын борбордук бөлүгүндө терминалдардын саны көбүрөк болот.
Белгилесек, мэрия 1-июлдан баштап коомдук транспорттордо жол кирени накталай төлөө жоюларын жарыялаган. Учурда Tulpar картасы, банк картасы же QR код аркылуу накталай эмес төлөмдөр үчүн жол кире 17 сомду, накталай төлөмдөр 20 сомду түзөт.

