Гүлчө менен Кербен шаарларына ипотекалык үйлөр салынат
Мамлекеттик ипотекалык компания президенттин тапшырмасы менен Кербен (Жалал-Абад облусу) жана Гүлчө (Ош облусу) шаарларында көп кабаттуу турак жайлардын курулушун баштады.
Мамлекеттик программанын алкагында Гүлчө шаарында жалпы 702 батирге ылайыкталган 9 кабаттуу 12 көп кабатту үй салынат.
Кербендеги алты кабаттуу турак жай комплекси 18 блоктон туруп, 540 батир жайгашат.
"Мамлекеттик ипотекалык компания курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурат. Бардык турак жайлар заманбап курулуш стандарттарына ылайык, сапаттуу курулуш материалдарын жана алдыңкы технологияларды колдонуу менен курулуп, ар бир этапта катуу техникалык көзөмөл жүргүзүлөт", - дешет ипотекалык компаниядан.
Ушул жылы Мамлекеттик ипотекалык компания 20 миңден ашуун батирди пайдаланууга берүүнү пландоодо.
