Мыйзам бузган мигранттарга Кыргызстандан чыгып кетүүгө убактылуу мүмкүнчүлүк берилди
Кыргызстанда миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга өлкөдөн чыгып кетүүгө убактылуу мүмкүнчүлүк берилди. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.
Убактылуу өнөктүк 2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин күчүндө болот. Анда эреже бузган чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагынан өз ыктыяры менен чыгып кетсе, административдик жоопкерчиликке тартылбайт.
Бул жеңилдик төмөнкү учурларга жайылтылат:
- визасынын же жашоого уруксатынын мөөнөтү бүткөн болсо;
- жашоого уруксаты жокко чыгарылган болсо;
- каттоосу, иштөөгө уруксаты же өлкөдө мыйзамдуу жүргөнүн тастыктаган башка документтери жок же алардын мөөнөтү өтүп кеткен болсо;
- өлкөдө жүрүүгө уруксат берилген мөөнөтү аяктаган болсо;
- өлкөгө кирүүдө көрсөтүлгөн келүү максаты менен иш жүзүндөгү келүү максаты дал келбесе.
Белгиленген мөөнөттө өз ыктыяры менен чыгып кеткен чет өлкөлүк жарандар миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен, ошондой эле чыгуу визасын тариздөө үчүн төлөмдөн бошотулат.
Ал эми убактылуу тартип төмөнкү адамдарга жайылтылбайт:
- кылмыш иши козголгон болсо;
- мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдери бар болсо;
- төлөнбөгөн айып пулдары же салыктык карыздары болсо;
- ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка категориядагы адамдарга.
Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланбаган жана миграциялык мыйзамдардын талаптарын бузуу менен жүрүүнү уланткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга мыйзамдарда каралган чаралар колдонулат.
Бардык маселелер боюнча төмөнкү даректерге кайрылууга болот:
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
- ишеним телефону: (0312) 66-39-64;
- дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 215.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- ишеним телефону: (0312) 66-30-70;
- дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 10.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
