Көлдө 36 чет элдик жаран мыйзамсыз жүргөнү аныкталды
118
УКМК тарабынан миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Жыйынтыгы менен 36 чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылмай болду дейт комитеттен.
Маалыматка караганда, Ысык-Көлдө 2-3-июнь күндөрү чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 32 объект, ошондой эле 5 өлкөдөн келген 768 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген.Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 36 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларды өлкө аймагынан чыгаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле мыйзам бузуулар боюнча жалпысынан 64 административдик протокол түзүлгөн.
УКМК чет өлкөлүк жарандар, жумуш берүүчүлөр жана кабыл алуучу тараптар Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын так сактоого милдеттүү экенин эскертет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17948