"75чилердин каты". Ташиев баш болгон айыпталуучуларга өкүм чыкты
RU

"75чилердин каты". Ташиев баш болгон айыпталуучуларга өкүм чыкты

Все самое интересное в Telegram

Бүгүн, 2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин каты" деп аталган кылмыш иши боюнча өкүм чыкты.

Иш боюнча айыпталып жаткан Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулу "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылга эркинен ажыратылды.

Ал эми Бекболот Талгарбеков, Аалы Карашев, Эмилбек Узакбаев, Курсан Асанов жана Курманбек Дыйканбаев ушул эле берене боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылды. Ошол эле учурда судья аларга пробация берди. Алар сот залынан бошотулат.

Сот айыпталуучуларды "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча актады.

Ташиев менен Зулушевдин жактоочулары соттун чечими менен макул эместигин, жакынкы арада жогорку инстанцияга кайрыларын билдиришти.

"75чилердин каты" боюнча соттук териштирүү (24 макала)
"75чилердин каты" боюнча соттук жараян жылдырылды
17 Августа 2026, 10:58
Сот "75чилердин катына" кол койгондорду суракка чакыруу өтүнүчүн канааттандырды
13 Августа 2026, 13:28
Шаардык сотто "75чилердин каты" боюнча апелляциялык арыз каралып жатат
13 Августа 2026, 11:06
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18160