Борбор калаада бүгүндөн баштап түнкү автобустар каттамга чыгат. Схемалары
12
Бишкек мэриясы бүгүн, 3-июлдан баштап муниципалдык түнкү автобус каттамдары иштеп баштарын маалымдады.
Биринчи этапта №3, №16, №19, №35, №45 жана №56 каттамдары ишке киргизилет. Ар бир каттамда үчтөн автобус болот.
- Автобустар күн сайын бекитилген графикке ылайык, саат 23:00дөн 05:00гө чейин каттайт.
- Жол кире акысы - накталай эмес төлөм (банктык карта, транспорттук карта же QR-код аркылуу төлөгөндө) 70 сом, накталай төлөм 90 сомду түзөт.
"Жаңы кызмат борбор калаанын тургундарын жана конокторун кечки жана түнкү убакта коопсуз, ыңгайлуу жана жеткиликтүү коомдук транспорт менен камсыз кылууга багытталган", - дешет мэриядан.
Буга чейин Бишкек мэриясы 1-июлдан тартып түнкү автобустар ишке кирерин жарыялаган. Бирок шаардын айрым тургундары 2-июль болсо да түнкү автобустар каттамда жок экенине нааразчылыгын айтышкан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18164
