Бишкекте түнкү автобустардагы жол кире 90 сомго чейин болот
Бишкек мэриясы 1-июлдан тартып шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн түнкү автобустар ишке кирерин жарыялаган. Анда автобустар кечки саат 22:00дөн таңкы 5:00гө чейин 40 мүнөт сайын каттайт деп кабарланган.
Бирок шаар тургундары бүгүн, 2-июль болсо да түнкү автобустар каттамга дале чыга элек деп нааразычылыгын айтышууда.
"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров Kaktus.media сайтына билдиргендей, автобустар 3-июлдан 4-июлга караган түнү ишке киргизилет. Жалпы 6 каттам ишке ашырылат, учурда схемалары түзүлүп жатканы маалым болду.Кечки каттам менен жүрүүнүн тарифи накталай эмес болсо 70 сом, накталай болсо 90 сомду түзөт. Муниципалитеттин жетекчиси накталай төлөм системасы түнкү автобустарда жеткиликтүү болорун кошумчалады.
Белгилесек, 1-июлдан тартып Бишкектеги автобус, тролейбустарда жол кирени накталай төлөө жоюлуп, электрондук төлөм системасына өттү.
Эгерде жүргүнчү накталай эмес төлөм жүргүзө албаса, бир жолку электрондук билети жок болсо транспорттон түшүрүлөт. Ал эми биринчи төлөмдөн кийин 60 мүнөт ичинде башка каттамдарга которулгандар төрт жолу акысыз жүрө алат.

