Өзү токмоктолуп, кулунайы жолго чачылган дыйканга базардан орун берилет (видео)
RU

Өзү токмоктолуп, кулунайы жолго чачылган дыйканга базардан орун берилет (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев соодагерлердин таландысында калган дыйканды кабыл алып, ага жаңы базардан соода кылуу үчүн туруктуу орун берилерин билдирди.

Калаа башчысы дыйкандардын эмгеги бааланышы керектигин экенин айтып, мындай окуялар кайталанбашы үчүн тиешелүү органдар менен биргеликте чаралар көрүлөрүн белгиледи. Ошондой эле шаар тургундарын бири-бирине сый мамиле кылып, агрессияга жол бербөөгө чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө жаңы базардын жетекчилигине дыйканга берилүүчү соода орунун расмий келишим менен берүү тапшырмасы коюлду. Ага паспортун алып келгенден кийин келишим түзүлүп, өзү өстүргөн кулпунайын жаңы базарда туруктуу сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылды.

Белгилесек, Ош шаарындагы базарда кулпунай сатууга келген дыйкан менен башка сатуучулардын ортосунда жаңжал чыккан. Милиция жаңжалга тиешеси бар жарандарды аныктап, тергөө кызматына жеткирген. Окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканы маалым болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18180