Ош шаарындагы дыйкандын токмоктолушу. Үч адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Ош шаарындагы базарда токмоктолгон дыйкандын иши боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Башкармалыктан 280-берене ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар деп төрт жаран кармалганын, аларга кылмышка шектүү катары айыбы угузулганын белгилешти.
Шектүү катары кармалган үч шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми дагы бир шектүүнүн жашы жете элек балдары бар экендиги эске алынып, үй камагына бошотулду.
Белгилесек, Ош шаарындагы базарда кулпунай сатууга келген дыйкан менен башка сатуучулардын ортосунда чыр чыккан. Окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканы маалым болгон. Ал эми шаар мэри Жанар Акаев дыйканга базардан атайын орун бөлүп берүүнү тапшырган.
