УКМК Баткендеги чек ара, бажы кызматкерлеринин кармалышы боюнча маалымат таратты
RU

УКМК Баткендеги чек ара, бажы кызматкерлеринин кармалышы боюнча маалымат таратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы "Кадамжай" жана "Чечме" көзөмөл-өткөрүү пункттарында мыйзамсыз акча чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныктаганын маалымдады. Коопсуздук комитети тараткан маалыматка ылайык, жалпы 40тан ашык адам тергөөгө жеткирилген.

Белгилүү болгондой, "Пара алуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 5-июлда аталган көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде текшерүү жүргүзүлгөн.

"Тинтүүнүн жыйынтыгында ар кандай валютадагы ири өлчөмдөгү акчалар далил буюм катары алынды. Кошумча тергөө иш-чараларын жүргүзүү максатында "Кадамжай" көзөмөл-өткөрүү пунктунан 17 чек ара кызматкери, Мамлекеттик бажы кызматынын 5 кызматкери, Ветеринардык көзөмөл кызматынын 1 кызматкери, 1 фельдшер жана 3 жаран УКМКга жеткирилди. Ал эми "Чечме" көзөмөл-өткөрүү пунктунан 11 чек ара кызматкери жана Мамлекеттик бажы кызматынын 3 кызматкери жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18195