TezJet авиакомпаниясы кырсык боюнча билдирүү жасап, кечирим сурады
RU

TezJet авиакомпаниясы кырсык боюнча билдирүү жасап, кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

TezJet авиакомпаниясы "Манас" эл аралык аэропортунда кырсыктаган учак боюнча расмий билдирүү жасады. Учурда рейсти калыбына келтирүү, жүргүнчүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат дешет компаниядан.

Белгилесек, бүгүн, 7-июлда учак учайын деп жатканда арткы шассилеринин бири сынып, учак сол канатына кыйшайып калган. Авиакомпаниядан экипаж жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шашылыш жана дароо зарыл чараларды көргөнүн маалымдады.

Бардык жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү учактан аман-эсен чыгарылды.

Бактыга жараша, бул окуяда жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү олуттуу жаракаттарды алган эмес, айрым жүргүнчүлөр жеңил жаракат алышкан. Аэропорттун медициналык кызматы тарабынан жабыркагандарга жеринде жардам көрсөтүлгөн. Эч ким ооруканага кайрылган эмес.

Кырдаалга байланыштуу TezJet авиакомпаниясы "Манас" аэропорту, Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана башка тиешелүү органдар менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууда. Учурда окуянын себептери толук иликтенип жатат.

"TezJet рейстин бардык жүргүнчүлөрүнөн жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт. Жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын коопсуздугу биздин эң башкы артыкчылыгыбыз бойдон кала берет. Биз жабыр тарткан жүргүнчүлөргө максималдуу колдоо көрсөтүү үчүн бардыгын жасап жатабыз, анын ичинде альтернативдүү рейстерди уюштуруу жана андан аркы сапар менен байланышкан бардык маселелерди чечүүнү карап жатабыз", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми кырсыктаган учак кырдаалдын бардык жагдайлары такталганга чейин каттамга чыкпай турганы маалым болду.

Кошумча маалымат авиакомпаниянын расмий сайтына - www.flytezjet.com жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларга жайгаштырылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18198