TezJet авиакомпаниясынын каттамдары убактылуу токтотулду
TezJet авиакомпаниясынын учактары зарыл болгон текшерүү иш-чаралары аяктаганга чейин каттамга чыкпайт. Бул туурасында Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Белгилесек, 7-июлда саат 16:10 чамасында Бишкектен Ошко учуп багыт алган TezJet`тин учагы кырсыктаган. Тагыраагы, учактын негизги сол шассисинин таянычы сынып, бүктөлүп калган. Натыйжада учак сол тарапка кыйшайып, канаты учуп-конуу тилкесинин үстүнкү бетине тийип, токтогон.
"Бул факты боюнча окуянын себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн расмий иликтөө жүргүзүлөт. Учуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында TezJet авиакомпаниясынын учактарын текшерүү иш-чаралары аяктаганга чейин убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.
Кырдаал Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги кырдаалды көзөмөлүндө турат.
