Бишкекте тартип бузганга шектелип чет өлкөлүк 3 жаран кармалды
16
Бишкекте коомдук жайда тартип бузуп, айланадагылардын тынчын алды деген шек менен 3 киши кармалды. Ленин РИИБден кармалгандар чет элдик жарандар экенин кабарлашты.
Милициянын маалыматына караганда, жарандар коомдук жайда тартип бузуп, катуу үн чыгарып, айланадагылардын тынчтыгын бузушкан. Алардын бири коомдук жайда жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерине каршы келген аракеттерди жасаган (көчөгө заара ушаткан).
Текшерүүнүн негизинде 1987-жылы туулган Y.X., 1989-жылы туулган G.Y. жана 1989-жылы туулган Z.Z. аттуу кишилерге "Майда бейбаштык" беренесине ылайык протоколдор түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда аларды Кыргызстандын аймагынан чыгарып жиберүү маселеси мыйзам талаптарына ылайык каралып жатат дешти милициядан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18203
