Эми АИ-95 бензининин чекене баасын өкмөт көзөмөлдөбөйт
Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу материалдардын бааларын мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу бир нече чечимдерге өзгөртүү киргизди. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев 7-июлда кол койгон.
Токтомго ылайык, убактылуу мамлекеттик бааларды жөнгө салууга тийиш болгон социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмесинен АИ-95 бензини чыгарылды. Башкача айтканда, бул чекене сатуу үчүн максималдуу бааны өкмөт белгилебейт дегенди билдирет.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Буга чейин Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу майлардын бааларын турукташтыруу боюнча убактылуу чараларды киргизген. Экономика министрлигине күйүүчү-майлоочу майдын чекене бааларынын максималдуу чегин белгилөө тапшырылган. Ошол эле учурда социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмесине АИ-95 бензини кошулган (мурда тизмеге АИ-92 бензини гана кирген)
