Кыргызстан күйүүчү майды импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат
RU

Кыргызстан күйүүчү майды импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан күйүүчү майдын запасын камсыздоо, кошумча булактарды табуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында энергетика министри Алтынбек Рысбеков журналисттерге билдирди.

Ал Өзбекстан, Беларусь, Түркмөнстан, Кытай, Азербайжан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын эске салды.

Беларусь жана Кытай мамлекеттери Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү мүмкүнчүлүгү боюнча алдын ала оң жоопторду беришти.

"Учурда Беларусь менен жеткирүү маселеси талкууланып жатат. Транзит Орусия аркылуу жүргүзүлөт. Биз ошондой эле Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларга керектүү көлөмдөр боюнча маалыматтарды бердик. Процедуралык маселелер өкмөттүк деңгээлде чечилүүдө", - деди Алтынбек Рысбеков.

Ошондой эле ал Өзбекстан менен күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү боюнча өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, учурда министрликтин деңгээлиндеги иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18206