Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери 1 миллион сом талап кылууга шектелди
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын кызмат адамдары кармалды. УКМКдан кабарлашкандай, алар ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелүүдө.
Маалым болгондой, Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Чүй–Бишкек аймактар аралык башкармалыгынын кызмат адамдары суу коргоо тилкесине жакын жайгашкан туристтик объекттин курулуш долбоорун макулдашып берүү үчүн 1 миллион сом өлчөмүндө пара талап кылышкан
"7-июлда аталган башкармалыктын жетекчиси жана башкы инспектору пара алып жаткан жеринен кармалып, тергөө абагына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Жогорудагы факты боюнча 343-берененин 1-бөлүгү ("Опузалап пара алуу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө иш-чаралары улантылууда.
