Учактын Баткенге жетпей артка кайтуу себеби айтылды
11
Бүгүн, 9-июлда "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясынын Раззаков шаарына учкан учагы "Манас" аэропортуна кайра келип конгон. Аталган компаниядан окуя боюнча комментарий берди.
Белгиленгендей, учак асманга көтөрүлгөндөн кийин экипаж жабдуудан мүчүлүштүк кеткенин каттаган. Мындан улам коопсуздукту камсыз кылуу үчүн эрежеге ылайык, стандарттуу процедуралар жасалган.
"Авиакомпаниянын жана "Манас" аэропортунун бардык бөлүмдөрү белгиленген стандарттарга жана жол-жоболорго ылайык иш алып барышты. Аэропорт зарыл болгон кызматтарды жана жайларды алдын ала даярдады", - дешет компаниядан.
Asman Airlines жүргүнчүлөргө түшүнүү менен мамиле кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирет жана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18217
