Баткенге учкан учак техникалык себептерден улам кайра Бишкекке конду
RU

Баткенге учкан учак техникалык себептерден улам кайра Бишкекке конду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-июлда "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясынын Бишкектен Раззаковго учкан учагы "Манас" аэропортуна кайра кайтып келди. Маалыматты Kaktus.media сайтына "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынан тастыктады.

Белгилүү болгондой, учак техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу кайра артка келип конгон. Борт сүйрөгүч менен токтотмо жайга жеткирилген.

Кийинчерээк "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы техниктер учакты алгачкы текшерүүдөн өткөргөнүн, баары жайында экенин, алдыда учак деталдуу сканерден өткөрүлөрүн кошумчалады.

Белгилесек, 7-июлда саат 16:10 чамасында Бишкектен Ошко багыт алган TezJet`тин учагы кырсыктаган. Тагыраагы, учактын негизги сол шассисинин таянычы сынып, бүктөлүп калган. Натыйжада учак сол тарапка кыйшайып, канаты учуп-конуу тилкесинин үстүнкү бетине тийип, токтогон. Борттогулар аман-эсен эвакуацияланып, айрым жүргүнчүлөр жеңил жаракаттарды алышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18212