Өлкөдө бардык авиакомпаниялардын учактары текшерилет
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги учуу коопсуздугун камсыздоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү максатында бардык аба компаниялардын учактарын текшерет. Бул туурасында агенттиктин маалыматында айтылат.
Белгиленгендей, буга чейин TezJet авиакомпаниясынын учактары убактылуу токтотулган. Бул чечим териштирүү иштери аяктап, окуянын бардык жагдайлары такталганга чейин күчүндө калат.
"Ошондой эле учуу коопсуздугун камсыздоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү максатында авиация агенттиги өлкөдөгү башка авиакомпанияларда кошумча инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзөт. Текшерүүлөр учуу коопсуздугу боюнча талаптардын сакталышын, аба кемелеринин техникалык пайдаланылышын жана белгиленген авиациялык эрежелердин аткарылышын баалоого багытталат", - деп айтылат маалыматта.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жүргүнчүлөрдүн, экипаждардын жана аба кыймылынын коопсуздугу өзгөрүлгүс артыкчылык экенин белгилейт.

