Адылбек Касымалиев күйүүчү май дагы кымбатташы мүмкүн экенин эскертти
RU

Адылбек Касымалиев күйүүчү май дагы кымбатташы мүмкүн экенин эскертти

Все самое интересное в Telegram

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандагы күйүүчү майдын тартыштыгы боюнча "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде комментарий берип, бензин жана дизелдин баалары акырындык менен жогорулашы мүмкүн экенин билдирди.

Анын айтымында, өлкө күйүүчү-майлоочу материалдардын 90 пайыздан ашыгын импорттойт, ошондуктан ички рынок тышкы бааларга, геосаясий кырдаалга жана транспорттук чыгымдарга түздөн-түз көз каранды.

"Учурда биз бааларды туруктуу кармап турабыз, бирок айта кетейин, баалар акырындык менен жогорулай берет. Жакынкы Чыгыштыга кырдаал өзгөрсө, балким, күйүүчү майлардын баасы калыбына келбесе да бир аз арзандашы мүмкүн. Анда бизде бааларды өстүрбөй кармап турууга толук мүмкүнчүлүк болот. Кыргызстанга ташылып келген дизель өз баасында сатылса 130-140 сомго, бензин 110-120 сомго чейин чыгып кетиши мүмкүн", - деди ал.

Учурда өлкө Беларустан, Кытайдан, Түркиядан, Европа өлкөлөрүнөн күйүүчү май ташып келүүдө. Андан тышкары Өзбекстанга нефти алып барып, аны ошол жактан иштетип, айына 20 миң тонна бензин алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Министрлер кабинетинин башчысы темир жол аркылуу күйүүчү май ташуу мүмкүнчүлүгү талкуулап жатканын, анткени автомобиль менен ташуу кымбат түшөрүн белгиледи.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18447