Кыргызстан Орусиядан күйүүчү май алмай болду
RU

Кыргызстан Орусиядан күйүүчү май алмай болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан Орусиядагы чектөөлөргө карабастан өлкөгө күйүүчү май ташууну кайра жандандыруу боюнча келишимге жетишти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

"Бизде күйүүчү майлардын сапаты жана көлөмү боюнча эч кандай көйгөй болбойт", - деди ал.

Амангелдиев күйүүчү майга болгон баанын жогорулашы дүйнөлүк кырдаалга байланыштуу экенин белгиледи. Айтымында, баа мурдагыдай абалга келиши мүмкүн. Бирок учурдагы эң биринчи милдет - күйүүчү майдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу деп белгиледи.

Амангелдиев Кыргызстан Беларустан, Кытайдан, Түркиядан да күйүүчү май алып жатканын, учурда өлкөдө болжол менен эки айга жетүүчү күйүүчү майдын запасы бар экенин кошумчалады.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18419