Чемпионатка убагында уча албай калган таэквондочулар боюнча дене тарбия агенттиги үн катты
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Монголияда өтүп жаткан чемпионатка кыргызстандык спортчулардын убагында уча албай калганы боюнча түшүндүрмө берди.
Аталган агенттик Азия чемпионатына катышмакчы болгон таэквондочулар Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү эместигин билдирди.
"Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, мамлекет тарабынан спорттук иш-чараларга каржылык колдоо Кыргыз Республикасынын улуттук курама командаларына көрсөтүлөт. Команданын курамы расмий тандоо жана бекитүү жол-жоболору аркылуу аныкталып, эл аралык расмий мелдештерге катышуусу белгиленген тартипте камсыздалат. Ошол себептен бул мелдешке катышуу Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын катышуусу катары каралбайт жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган эмес", - деп айтылат маалыматта.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги спорттун бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө жана спортсмендердин эл аралык мелдештерге катышуусуна мыйзамдардын талаптарына ылайык көмөк көрсөтөрүн белгиледи.
"Спортсмендердин авиабилеттерин уюштуруу үчүн үчүнчү тарап тартылган. Кийинчерээк авиабилеттер талаптагыдай сатылып алынбаганы аныкталып, спортсмендердин өз убагында учуп кетүүсүнө тоскоолдук жаралган. Учурда тиешелүү органдар жана жооптуу тараптар бул жагдайды жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзүүдө", - деп кошумчалашты мекемеден.
Буга чейин Кыргызстандын таэквондо боюнча курама командасы шылуундуктун кесепетинен Монголиядагы чемпионатка убагында уча албай калганы маалым болгон.
