Кыргызстандык таэквондочулар мелдешке бара албай калышты. Себеби
Кыргызстандын таэквондо боюнча курама командасы Монголиянын Улан-Батор шаарындагы Азия чемпионатына бара албай калды. Бул тууралуу Кыргыстандын ITF таэквондо федерациясынын вице-президенти Сардор Рахимшаихов билдирди.
Команда Алматы-Пекин-Улан-Батор каттамы аркылуу учуп кетиши керек болчу. Бирок жыйынтыгында 2 миллион сомдон ашык каражат сарпталган билеттер иш жүзүндө алынбаганы белгилүү болду.
Рахимшаиховдун айтымында, спортчулар алты айдан ашык убакыттан бери чемпионатка даярданып келишкен. Учурда федерация спортчуларды мелдешке катыштыруунун жолдорун издеп жатат.
"Биз бардык кызыктар тараптарды, туроператорлорду, авиакомпанияларды жана өлкө жетекчилигин Азия чемпионатына катышууга жардам берүүгө чакырабыз. Анткени биз ага көптөн бери даярданып келгенбиз жана өлкөбүздүн атынан чыккыбыз келген", - деп белгиледи федерациянын вице-президенти.