Ошто улуу кишини сабаган балдардын экөө камакка алынды
RU

Ошто улуу кишини сабаган балдардын экөө камакка алынды

Все самое интересное в Telegram

Ош шаарында коомдук тынчтыкты сактоого чакырган кишини токмоктогон балдар кармалып, экөө убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 4-августта таңкы саат 05:00 чамаларында болгон. Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, коомдук тынчтыкты сактабаган балдарды 1969-жылы туулган жаран тынчтыкты сактоого чакырган. Жигиттер муну туура эмес кабыл алышып, эскертүү берген кишини сабап салышкан.

Ошол эле күнү окуяга тиешеси бар 2007-жылы туулган үч бала, 2008-жылы туулган бир бала кармалган.

Милиция окуянын активдүү катышуучусу деп 2007-жылы туулган К Н. жана 2008-жылы туулган А.Б. аттуу балдарды 48 саатка камады. Алардын үстүнөн 280-берененин 2-бөлүмүнүн 2-пункту менен кылмыш иши козголгон.

6-августта Ош шаардык соту балдардын баш коргоо чарасын карайт дешти башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18453