Караколдо сууга аккан унаадан аял менен киши куткарылды
RU

Караколдо сууга аккан унаадан аял менен киши куткарылды

Все самое интересное в Telegram

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда туристтерди ташыган "Урал" унаасы Каракол суусунан өтүп жатканда агып, таштарга такалып калган. ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан кабарлашкандай, окуя "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркында болгон.

Окуя болгон жерге Каракол шаардык №15 өзүнчө куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, экскаватордун жардамы менен унаадагы 1964-жылы туулган эркек жана 1985-жылы туулган аялды аман-эсен куткарып калышкан. Алардын абалы туруктуу.

Ал эми сууда калган унааларды туристтик компания өз күчү жана атайын техниканын жардамы менен чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18459