Орусияда сапаты төмөн бензинди чыгарууга уруксат берилди
RU

Орусияда сапаты төмөн бензинди чыгарууга уруксат берилди

Все самое интересное в Telegram

Орусия өкмөтү сапаты начар бензинди (Евро-2, Евро-3 жана Евро-4) өндүрүүгө, сатууга жана импорттоого 2027-жылдын 1-июлуна чейин уруксат берди. Бул тууралуу Meduza жазды.

Маалыматта айтылгандай, өкмөт бул чечимди убактылуу деп белгилеген. Берилген жеңилдиктер чектелген мөөнөткө жарактуу жана кризиске каршы чара болуп саналары айтылган.

Эскерте кетсек, Орусиядагы күйүүчү май кризиси эки айдан ашык убакыттан бери уланып келет. Май куюучу жайлардагы бензиндин жетишсиздигине Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасалган дрон чабуулдарынын жарым-жартылай таасири бар.

Евро-2 жана Евро-3 классындагы бензин жана дизель отуну айлана-чөйрөгө жана унааларга зыяндуу. Бул класстагы бензиндин курамында күкүрт жана башка кооптуу кошулмаларынын деңгээли бир нече эсе жогору. Евро-2 классындагы күйүүчү майды сатууга Орусияда 2013-жылдан бери тыюу салынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18464