Аскат Жетиген эркиндикке чыкты
RU

Аскат Жетиген эркиндикке чыкты

Все самое интересное в Telegram

Акын Аскат Жетиген үч жылдык жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин бүгүн, 19-августта абактан чыкты.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын айтымында, акынды туугандары, достору жана адвокаты тосуп алуу үчүн саат 8:30да 27-колонияга барышкан. Бирок Аскат Жетигенди колониянын жеткчилиги унаасы менен алып чыгып кеткени белгилүү болгон.

Кийинчерээк, акынды каналдын жээгинен адвокаты Акынбек Ногоев тапкан. Укук коргоочу мындай аракетти кызыктай деп атаган.

Эске салсак, Аскат Жетиген сын-пикири үчүн 2024-жылдын март айында кармалган. Ага "Бийликти басып алууга чакырык жасоо" жана "Массалык башаламандыктарга чакыруу" менен айып тагылган.

Ошол эле жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны "Бийликти басып алууга чакырык жасоо" беренеси менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. "Массалык башаламандыктарга чакыруу" беренеси боюнча актаган. Кийинки инстанциялар бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18574