Адылбек Касымалиев Нурдан Орунтаевдин унаа токтотуучу жайлар боюнча айтканын сынга алды
RU

Адылбек Касымалиев Нурдан Орунтаевдин унаа токтотуучу жайлар боюнча айтканын сынга алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министр Нурдан Орунтаевди ипотекалык үйлөрдөгү унаа токтотуучу жайлар боюнча айткандары үчүн сындады.

Буга чейин Нурдан Орунтаев ипотекалык үйлөрдөгү унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздигинин себебин түшүндүрүп жатып, алгач насыяны төлөп, андан кийин гана унаа сатып алуу керек деп айткан.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, мындай билдирүүнү "коомдук пикирди аңдабастык жана олдоксон сөз" деп баалады. Ал бул учурдан сабак алуу керектигин айтты.

"Адамдар турак жай үчүн канча жылдап акча чогултуп, тырышып иштешет. Ал эми министр аларга качан унаа сатып алуу керектигин үйрөтүп жаткандай болуп жатат. Бул билдирүү аткаруу бийлигине карата катуу сынды жаратты. Өкмөт кызматкерлери мындай сабатсыздыкка жол бербешиңер керек", - деди Касымалиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18285