Үч эмдин бирөө чарчап калган. Балдардын атасы министрликке арызданды
RU

Үч эмдин бирөө чарчап калган. Балдардын атасы министрликке арызданды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы жыл алдында төрөлгөн үч эмдин бирөө чарчап калганы кабарланган. Дарыгерлер бала ара төрөлгөнүн айтышкан. Бирок наристенин атасы бул жоопко канааттанбай, Саламаттыкты сактоо министрлигине жагдайды иликтөө өтүнүчү менен кайрылган.

Ал Kaktus.media сайтына ооруканада аялын караганын, окуяга күбө болгонун айтып берди. Айтымында, ымыркайлар 29-декабрь күнү эртең менен кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келишкен.

"Балдардын, келинчегимдин абалы жакшы болчу. Операцияны төрөт үйдүн башкы дарыгери жасаган. 30-декабрда да баары жакшы болду. 31-декабрда түштөн кийин да жакшы болчу, түндө бир балабызды реанимациядан палатага алып келишип "ыйлап жатат, апасынын жанында болушу керек" дешти. Эртең мененкиге чейин карап, тамактандырдык. Эртең менен уулум тынчсызданып, ыйлап жатты", - деди үч эмдин атасы.

Андан кийин ымыркайды төрөт үйдүн 3-кабатындагы жандандыруу бөлүмүнө алып кетишкен. Балдардын атасы 1-январда жаңы жыл майрамына байланыштуу экинчи кабатта көпкө чейин дарыгерлер жок болгонун айтат.

"Балдардын экөө 2-кабаттагы жандандыруу бөлүмүндө жатышкан. Ал эми тынчсызданып жаткан уулум 3-кабатта болчу. 2-январда дарыгерлер баламдын абалы начар экенин айтышты. Кандай дары керектигин жазып беришти. Пачка дарыларды алып келдим. 3-январда бала сепсис болуп жатканын айтышты. "Балам 31-декабрда эле ыйлап жаткан, демек ал ошондо эле өзүн жаман сезип жатканбы?" десем дарыгерлер жооп берише алган жок. Эмне үчүн аны дароо реанимацияга алып барышкан эмес? Кесареводон кийин эсине келе элек энеге эмнеге алып келишти?", - деп ачууланды.

"Баланы алып келишип, алты саатка калтырышты. Анан үч-төрт күндөн кийин сепсис тууралуу айтышты", - дейт ата.

Үч эмдин атасына эмне үчүн анын тун уулу сепсис менен ооруганы түшүнүксүз, анткени ал биринчи төрөлүп, салмагы да чоң болгон. Калган балдардын да абалы жакшы.

Ал дарыгерлерден мүчүлүштүк кеткен, кетпегенин министрлик тактап берсе дейт. Анткени окуя жаңы жылдык майрамдарда болгон. "Мен интернеттен сепсис, мисалы ийнеден, чала жуулган бөтөлкөдөн жугушу мүмкүн экенин окудум", - деп кошумчалады.

Балдардын атасы өлүкканага барганда ошол эле мезгилде төрөт үйүндө дагы бир нече баланын өлүмү тууралуу билген, ошондо шектенүүсү күчөгөнүн айтат.

Бул жагдай боюнча комментарий алуу үчүн Kaktus.media редакциясы Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашевага кайрылды. Ал "кат Саламаттыкты сактоо министрлигинде болсо, иликтөө жүргүзүлөт" деп түшүндүрдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10008