Жергиликтүү бийлик тойлорду, маркумдарды эскерүү иш-чараларын жөнгө салууга укук алышты
RU

Жергиликтүү бийлик тойлорду, маркумдарды эскерүү иш-чараларын жөнгө салууга укук алышты

Все самое интересное в Telegram

Садыр Жапаров "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, жергиликтүү бийлик органдары тойлордо, маркумду узатуу зыйнаттарында жана башка иш-чараларда ашыкча чыгымдарды чектөөгө укук алышты.

Негизги пункттар:

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдан жергиликтүү курултайлар жөнүндөгү жоболор, анын ичинде алардын ишин жөнгө салуучу берене алынды. Курултай маселелери эми өзүнчө мыйзам менен жөнгө салынат.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөтү, мэрия) мыйзамга ылайык үй-бүлөлүк жана маркумдарды эскерүү иш-чараларын жөнгө салууну жеңилдетүүгө ыйгарым укуктар берилди.
  • Айыл аймактардагы калктуу конуштарга айыл башчы кызматын айыл өкмөттүн башчысынын чечими менен киргизилери ачык айтылды.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18387