Бишкектеги "Мадина" базары 1-августта жабылат
Бишкектеги "Мадина" базары 1-августта жабылып, реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, жаңылоо иштери шаардык чөйрөнү көрктөндүрүү жана өнүктүрүүнүн алкагында жүргүзүлөт. Ал эми соодагерлерге базардын айланасында жайгашкан жаңы соода орундарын пайдалануу сунушталды.
"Борбор калаада көрктөндүрүү иштерин күчөтүшүбүз керек. Ошол эле учурда ишкерлердин жана базарда эмгектенген жарандардын укуктары менен кызыкчылыктары эч кандай бузулбашы зарыл", - деген Айбек Жунушалиев ишкерлер менен жолугушууда.
Жыйындын жыйынтыгында ишкерлер бардык маселелерди кеңири талкуулап, биргелешип чечүү үчүн комиссия түзүүнү сунушташты. Мэр бул демилгени колдоп, үч күндүн ичинде комиссияны түзүүнү тапшырды. Комиссияны мэрдин орун басары Атай Муратбек жетектейт.
Жолугушуунун соңунда катышуучулар учурдагы соода жайларын жана сунушталган жаңы орундарды биргелешип көрүп чыгышып, жайгашуу шарттары менен жеринен таанышып, пайда болгон суроолорду талкуулашты.
