Акын, жазуучу: Балдардын обондуу ырлары кеңири жайылбай жатат
RU

Акын, жазуучу: Балдардын обондуу ырлары кеңири жайылбай жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысмайыл Кадыров балдар акыны, жазуучу, котормочу жана энциклопедист. Kaktus.kg редакциясы акын менен балдар адабиятынын, балдар поэзиясынын орду жана учурдагы абалы тууралуу маек курду.

Балдар акыны болуу чоң жоопкерчилик. Анткени, баланын дүйнө таанымына, тарбиясына, кыялдануусуна ар бир сап таасир этет. Балдар поэзиясы жөнөкөй көрүнгөнү менен анын артында терең ой, чоң эмгек жатат. Акын ар бир сөздү балага түшүнүктүү, кызыктуу, таасирдүү жеткирүүгө аракет кылат.

Ысмайыл Кадыров дал ошондой балдардын табити, талабы менен иштеген акын. Ал балдар үчүн сөз оюндарын, табышмактарды, аңгемелерди, жомок-ырларды жазып, балдар үчүн китептерди чыгарып келет. Негизги ишинен тышкары балдар адабиятына көңүл бурган акын ушул күнгө чейин 20га жакын (балдарга гана арналган) китептин автору болгон. Анын чыгармалары "Алиппе", кыргыз тили, адеп жана мекен таануу сыяктуу башталгыч класстардын окуу китептерине киргизилген.

Акындын айрым ырларына обондор да жазылган. Балдарга арналган обондуу ырлар өтө деле көп эмес жана эл арасында кеңири жайылбай келет. Буга китептердин аз нускада басылышы, обончуларга ыр саптарынын жетпей жатканы себеп дейт ал. Себеби, балдар үчүн жазылган чыгармалар жетиштүү. Бирок алардын кеңири таралышына жана обон жазылышына көбүрөөк көңүл бурулбай жатканына токтолду.

"Камчыбек Букалаев 1-2 ырыма обон чыгарган. Динара Мамбетакунова "Адептүү бол жашыңдан" деген ырыма обон жазган. Бирин-серин чыккан обондуу ырларым бар. Балдар ырларына обон жазгандар азыраак. Элге кеңири тарап, такай ырдалып жүргөн жакшы ырлар - "Көк жылгаяк", "Ак калпак", "Мына минтип". Бүгүнкү күндө ушул сыяктуу эл арасында жайылган ырлар жок, көп деле обон чыккан эмес. Өзүм деле обончу, композиторлорго кайрылган эмесмин", - дейт.

Жазуучу бүгүнкү күндө балдар көбүнчө чет тилдеги ырларды угарын белгилейт. Анткени, технология өнүккөн заманда балдардын көңүлүн китептеги чыгармаларга буруу кыйыныраак. Себеби, форматы кыска ырлар социалдык тармактарда кеңири жайылган, а бул өз кезегинде балдардын көңүлүн бат бурат.

"Менин баамымда балдар азыр чет тилдеги ырларды көбүрөөк угуп жатат окшойт. Себеби телефондорго чет жактын ырлары кыска форматта көп чыгып, балдарды өзүнө тартып жатат. Ал эми кыргызча обондуу ырлар андай деңгээлде интернетке чыкпай жатат", - дер белгиледи.

Ысмайыл Кадыров балдар адабиятынын тарбиядагы орду чоң экенин айтат. Жаш окурмандарга арналган ырларды жазууда алардын дүйнө таанымын, ой жүгүртүүсүн эске алат. Достук, урмат-сый, аяр мамиле сыяктуу чыгармалар балдардын тил байлыгын өстүрөт. Мындан улам чыгармаларына унутулуп бараткан сөздөрдү камтып, ата-бабалар колдонгон сөз берметтерин жаш муундарга жеткирүүгө аракет кылат.

"Биздин турмуштук сөздөрүбүз көп колдонулбай жаткандыктан унут болуп баратат. Аны чоңдор балдарга айтып, түшүндүрүп бербей жатат. Азыр "Булар эмне?" деген ыр жазып жатам. Жайнаган сөздөр бар, ошолорду ыр түрүндө түшүндүрсө балдар бат кабыл алат", - деген оюн айтат.

Жазуучу балдар адабиятын жайылтууда санарип мүмкүнчүлүктөрдү кеңири колдонуу керектигин кошумчалады. Анткени бүгүнкү күндө көпчүлүк балдар интернетте убакыт өткөрүшөт. Ошондой эле жазуучулар менен жаш окурмандардын жолугушууларын көбүрөөк уюштуруп туруу маанилүү дейт. Андан тышкары балдар адабиятын бардык аймактардагы бала бакчалардан баштап колдонуп баштаса, балдар үчүн зор пайдубал болот деген пикирин айтты.

"Чынында учурда китепти көп окубай калышты. Азыркынын суроо-талабы медиа, коммуникация, социалдык тармактар. Ушул нерселерди туура колдонсок болот", - деген жазуучу бул жалпы коомдун иши экенин белгиледи.

Белгилесек, Ысмайыл Кадыров "Кыргыздын Гиннесс китебинин" да автору (2008, 2018, 2021-жылдар). Учурда жазуучу рекорддор боюнча жаңы китебин басып чыгаруунун үстүндө иштеп жатканы маалым.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17974