Мекеме 2 ай мурда жоюлган. Президент санарип министрин кызматтан бошотту
13
Садыр Жапаров Азамат Жамангуловду Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри кызматынан бошотуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Маалыматты президенттин администрациясынан тастыкташты.
Белгилесек, президент аталган министрликти ушул жылдын 30-апрелинде жоюп, анын негизги функциялары Президенттин иш башкармалыгына өткөн.
Ал эми Азамат Жамангулов Kaktus.media сайтына өзү жазган арыздын негизинде кызматтан бошотулганын айтты. "Ушул убакыттын ичинде мен милдеттеримди башка ведомстволорго өткөрүп берүү менен алек болдум. Бул мезгилде менин кызмат ордум жоюлган жок. Азырынча эч кандай кызматты ээлебейм", - деп белгиледи Жамангулов.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18342