Президент: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга чет өлкөлүк адистер керек
RU

Президент: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга чет өлкөлүк адистер керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп бүтсө Кыргызстан туюк өлкөдөн транзиттик өлкөгө айланып, Кытай менен дүйнөнүн ортосун бириктирип калат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчы темир жол курулса Кыргызстан көз карандысыз өлкө болуп, транзит үчүн "Кумтөрдөн" түшкөн кирешедей эле киреше түшүп турарын айтты.

"Мына ушул жолду салууда биз чет өлкөлүк адистердин жардамына муктажбыз. Себеби, өзүбүз салабыз деп олтура берсек, өзүбүздүн адистерди даярдоо үчүн ондогон жылдар кетет. Убакытты күтүп олтурбастан бул жолду баштадык", - дейт.

Президенттин айтымында, темир жолдун бүтпөй калышына кызыкдар күчтөр көп. Бирок темир жол курулбай калса Кыргызстан көз каранды бойдон кала берет деп белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18311