Ошто кирпич заводдо иштеген чет элдик жаран станокко кулап, каза болду
RU

Ошто кирпич заводдо иштеген чет элдик жаран станокко кулап, каза болду

Все самое интересное в Telegram

Ош облусунун Кара-Суу районундагы кирпич заводдо иштеген кытай жараны өндүрүштүк жабдыкка кулап каза болду. Бул тууралуу редакцияга облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 26-июлда саат 20:00 чамасында катталган. Кырсык Жаңы-Арык айылындагы "Чыгыш курулуш материалдары" ЖЧКсынын кирпич заводунда болгон.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө каза болгон киши - 1979-жылы туулган кытай жараны Д.Ю.Х. экени, заводдо технолог болуп иштеп жатканы аныкталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, саат 18:30 чамасында ал жумуш учурунда белгисиз жагдайларда кокустан иштеп жаткан өндүрүштүк станокко кулап, алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон", - дешти башкармалыктан.

Окуя каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө жана текшерүү иш-чаралары жүрүп жатканы маалым болду.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18368