Ат-Башыда белгисиз зат жарылып, жергиликтүү тургун колунан ажыраган окуя текшерилүүдө
RU

Ат-Башыда белгисиз зат жарылып, жергиликтүү тургун колунан ажыраган окуя текшерилүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунун Ат-Башы районунда белгисиз зат жарылып, жергиликтүү тургун жаракат алган окуя териштириле баштады. Бул тууралуу редакцияга облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, 24-июлда саат 11:28де райондук ички иштер бөлүмүнө ооруканадан Бирлик айылынын тургуну колунан жаракат алып, ооруканага кайрылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, эркек киши үйүнүн короосунда гранатага окшогон буюмду карап жатканда белгисиз зат жарылып кеткен. Анын кесепетинен эркек киши колунан жаракат алып, хирургиялык бөлүмгө жаткырылган.

Жарылган заттын сыныктары алынып, соттук-баллистикалык экспертизага жөнөтүлгөн.

Kaktus.media`га өздүк булактар жарылуунун кесепетинен эркек киши колунан ажыраганын айтышты.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18366