Мугалимдерди мектептеги оңдоо иштерине тартууга тыюу салынат
RU

Мугалимдерди мектептеги оңдоо иштерине тартууга тыюу салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерин оңдоп-түзөө иштерине, өзгөчө жайкы эс алуу мезгилинде тартууга тыюу салынарын билдирет.

Министрлектен 2025–2026-окуу жылында республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук оңдоп-түзөө иштерине 404 млн сом каралганын кабарлады.

"Буга чейин каражат негизинен курулуш материалдарын жана товарларды сатып алууга бөлүнүп келсе, эми утурумдук оңдоп-түзөө иштерин аткаруучу кызматтарга да каралган", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул багытта министрлик тарабынан бардык аймактык бөлүмдөргө расмий кат жөнөтүлүп, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мугалимдерди көчө тазалоо, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү, короо шыпыруу жана башка чарбалык иштерге тартууга жол берилбей турганы эскертилет. Мындай аракеттер мыйзам талаптарына каршы келет.

Министрлик мугалимдердин негизги милдети - окуучуларга сапаттуу билим берүү жана окуу-тарбия процессин уюштуруу экенин баса белгилейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17869