Барскоондо жол боюндагы кытай тилинде жазылган тактайчалар алынды
RU

Барскоондо жол боюндагы кытай тилинде жазылган тактайчалар алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө жолдун жээгиндеги кытай тилинде жазылган маалыматтык тактайчалар боюнча видео тарап, социалдык тармакта сын-пикирлерди жараткан. Көптөгөн нааразычылыктардан кийин кытай тилиндеги тактайчалар алынды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгы билдиргендей, маалыматтык тактайчалар Ысык-Көлдүн Барскоон айылында мыйзамсыз орнотулганы аныкталып, ыкчам түрдө алынды.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18322