Бишкекте элдин көзүнчө заара ушаткан чет элдик жана анын шериктери кармалды
12
Бишкектин Логвиненко көчөсүндө элди көзгө илбей заара ушаткан чет элдик кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк 3 жаран аныкталып, кармалган. Алар:
- 1996-жылы туулган M.K.
- 1984-жылы туулган CH.SH.
- 1988-жылы туулган D.GU.
Аларга 126-берене (майда бейбаштык) жана 83-берене (чылымды белгиленбеген жайларда чегүү) боюнча протоколдор түзүлгөн. Укук бузгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18329
