Быйыл Эгемендүүлүк күнү сентябрда белгиленет
63
Быйыл Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү 31-августта эмес, 11-12-сентябрда белгиленет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусунун түзүлгөндүгүнүн 82 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышты.
Андан кийин Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы 11-12-сентябрда Талас шаарында өтөрүн белгилеп, майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жыйын өткөрдү.Жыйындын соңунда мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына майрамды жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18351