Мектеп окуучуларын, студенттерди баңгизатка текшерүү сунушталды
Кыргызстанда мектеп окуучуларын жана студенттерди баңгизатка милдеттүү түрдө текшерүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
9-11-класстардын окуучулары жылына үч ирет баңгизат жана психотроптук затка анализ тапшырып, жыйынтыктарын көрсөтүүгө милдеттүү болушат.
Демилгечилер - депутаттар Улан Сариев жана Максат Алымбеков. Алар муну жаштар арасында баңгизаттарды колдонуунун өсүшү менен байланыштырышкан. Республикалык психиатрия жана наркология борборунун маалыматына ылайык, 2024-жылы 319 өспүрүм тиешелүү мекемеге жардам алуу үчүн кайрылган, бирок чыныгы көрсөткүчтөр 10-20 эсе көп болушу мүмкүн.
Бул системаны 2026-жылдын 1-сентябрында Бишкек жана Ош шаарларында ишке киргизүү сунушталууда.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
