Садыр Жапаров кандай жерлер чет элдиктерге ижарага берилбей турганын айтты
RU

Садыр Жапаров кандай жерлер чет элдиктерге ижарага берилбей турганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине мамлекеттин жери чет элдиктерге сатылбай турганын айтты.

Президенттин айтымында, чет элдик инвесторлорго жерди узак мөөнөткө ижарага берүү механизм Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келет. Азыркы өзгөртүүлөрдүн максаты аны заман талабына ылайык тактап, көзөмөлдү күчөтүү жана инвестордун жоопкерчилигин дагы да жогорулатуу болуп саналат.

"Эң башкысы, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк жарандар же чет элдик компаниялар жер тилкесине менчик укугун ала албайт. Жер кодексинин түз талабы ушундай. Алар белгилүү мөөнөткө ижара акысын төлөп, пайдалануу укугун гана алышат. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калат", - дейт.

Ошондой эле мамлекет башчы чек арага жакын жайгашкан аймактардагы жер тилкелери чет өлкөлүк жарандарга же чет элдик компанияларга берилбейт деп кошумчалады. Айтымында, мындай жерлер мамлекеттин улуттук коопсуздугуна байланыштуу өзгөчө көзөмөлдө болот.

Андан тышкары, айыл чарба багытындагы жерлер дагы чет өлкөлүк жарандарга берилбейт турганын билдирди.

"Айыл чарба жерлерди биринчи кезекте өзүбүздүн дыйкандар жана фермерлер иштетиши керек. Ошондуктан мындай жерлерди чет элдиктерге менчикке да, ижарага да берүү каралбай турган механизм киргизип жатабыз", - дейт президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18287