Токмокто чай ичкен чыны менен аялын көгала кылып урду деген киши кармалды
RU

Токмокто чай ичкен чыны менен аялын көгала кылып урду деген киши кармалды

Все самое интересное в Telegram

Токмокто аялын чыны менен уруп, денесине залал келтирди деген киши кармалды. Чүй ОИИББден кабарлашкандай, келиндин жакыны арыз менен укук коргоо кызматкерлерине кайрылган.

Такталгандай, 10-июлда А.А. аттуу келинди жолдошу А.С. чай ичкен чыны менен уруп, жаракат келтирген. Келин күйөөсүнө карата арыз-доосу жок экендигин билдирген. Ал эми анын тууганы зомбулук фактысы боюнча арыз менен кайрылган.

Аялына кол көтөргөн кишиге 73-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча протокол түзүлүп, Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Келинге коргоо ордери берилди.

Учурда окуянын бардык жагдайларын объективдүү аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18330