Президент браконьерлик үчүн 7 жылга чейин эркинен ажыраткан мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз аңчылык, балык уулоо үчүн жазаларды катаалдаштырган мыйзамга кол койду.
Ага ылайык, браконьерлик олуттуу зыян келтирсе мыйзам бузган тарапка 50 000 сомдон 100 000 сомго чейин айып пул төлөөгө же эки жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
Транспорт, кайык, учак, жардыргыч заттар, химиялык заттар, электр тогу, синтетикалык торлорду жана жаныбарларды массалык түрдө жок кылуунун башка ыкмаларын колдонуу менен мыйзамсыз аңчылык кылуу же балык уулоо 100 000 сомдон 200 000 сомго чейин айып пул төлөөгө же эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө жазаланат.
Коруктарда жана өзгөчө корголуучу аймактарда браконьерлик кылуу, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарларды өлтүрүү, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирүү же шалаакылыктан улам олуттуу зыян келтирүү жети жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
- 10 миң сом же андан жогору сумма - олуттуу зыян;
- 100 миң сом же андан жогору сумма - ири зыян;
- 1 миллион сом же андан жогору сумма - өзгөчө ири зыян деп эсептелет.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
